Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Аида Салянова УКМКда сурак берип жатат


Аида Салянова
Аида Салянова

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова ушул тапта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Анын адвокаты Улан Жумаков билдиргендей, эл өкүлү атайын кызматка кечки саат бештерде келди.

Аида Саляновага юстиция министри болуп турган кезде, 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти УКМК тергеп жатат.

Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келүүдө. Анын партиялаштары бул жагдайды оппозиция өкүлүнө карата бийликтин кысымы катары баалап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG