Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Депутаттын адвокаты Улан Жумаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Аида Салянова коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгына саат 17:00 келген. Эл өкүлү ушул тапта да УКМКда сурак берип жатат.

Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде, 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти тергөөнү УКМК өз колуна алган.

Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. Анын партиялаштары муну оппозиция өкүлүнө карата бийликтин кысымы деп баалашууда.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG