Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Москвада кыргызстандыктар бараткан автоунаа кырсыкка кабылды


Өткөн жылы ноябрда да Иркутскиде кыргызстандыктар бара жаткан автоунаа кырсыкка кабылган.
Өткөн жылы ноябрда да Иркутскиде кыргызстандыктар бара жаткан автоунаа кырсыкка кабылган.

Орусия борборунун Жаңы Москва аймагында УАЗ жана "Тойота" үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар кагышып, андан сегиз адам каза болгондугу кабарланды. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка кабылган унаалардын биринде Кыргызстандын жарандары болгондугу айтылууда. Учурда бул маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тактап жатат. Бул Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

15-январда Орусиянын Саратов облусунда жеңил автоунаа менен жүк ташуучу унаа кагылышып, андан борборазиялык жети мигрант каза тапкан эле. Алардын төртөө кыргызстандык, экөө өзбекстандык жана бирөө тажикстандык экени кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG