Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Брюссель Румынияны коррупцияга каршы күрөштөн тайбоого үндөдү


Бухарест
Бухарест

Европа комиссиясы Румыния өкмөтүнүн айрым антикоррупциялык беренелерди өзгөртүү чечими камтама жаратаарын билдирди. Паракорлукка каршы күрөш чегинүүгө эмес, алга жылууга тийиш, - деп эсертти төрага Жан-Клод Юнкер жана анын орун басары Франс Тиммерманс.

Румыниянын Сорин Гринденау жетектеген өкмөтү 31-январда бир катар кызматтык кылмыштар үчүн жазаны жумшарткан чукул декретти бекиткен. Өкмөт бул өзгөртүүлөр Кылмыш кодексин конституциялык соттун чечимдерине төп келтирүү үчүн жасалганын түшүндүргөн. Бирок миңдеген киши ошол эле күнү кечинде Бухарест жана башка шаарлардын көчөлөрүнө чыгып нааразылыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG