Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Салянованы күткөн эл УКМК имараты алдында чогулду


УКМК имаратынын жанындагы адамдар.
УКМК имаратынын жанындагы адамдар.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы суракка алып жаткан Улуттук коопсуздук комитетинин жанына анын жакындары жана “Ата Мекен” партиясынын активисттери чогулууда. Ал жердеги кабарчыбыздын айтымында, учурда УКМКнын алдында элүүдөй адам турат. Абалга милиция кызматкерлери да көз салып жатат.

Аида Салянова бүгүн коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн саат 17:00дө келген. Эл өкүлү ошондон бери УКМКда сурак берип жатканын анын адвокаты Улан Жумаков “Азаттыкка” билдирди.

Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде, 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти тергөөнү УКМК өз колуна алган.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. Анын партиялаштары муну оппозиция өкүлүнө карата бийликтин кысымы деп баалашууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG