Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Аида Салянова УКМКдагы сурактан чыкты


Салянова тарапташтары менен УКМК имаратынын алдында.
Салянова тарапташтары менен УКМК имаратынын алдында.

Дээрлик беш саатка созулган тергөө сурагынан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянова Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынан чыгып, ал жерге чогулган элүү чакты тарапташтары менен кездешти.

Салянова кыштын суугуна карабай, өзүн колдоп чыкканы үчүн чогулган элге ыраазычылыгын билдирди. Депутат суракта кандай сөз болгону, ал эмне үчүн узакка созулганы тууралуу маалымат бере албасын айтты:

- Сурак болду. Биз аны ачыкка чыгарбоо тууралуу кол коюп бердик. Ошондуктан ачык айта албайм.

Аида Салянова 1-февраль күнү коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн саат 17:00дө келген.

Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде, 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти тергөөнү УКМК өз колуна алган.

Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. Анын партиялаштары муну оппозиция өкүлүнө карата бийликтин кысымы деп баалашууда. (ZKo)

Аида Салянова УКМКда беш саат суракта болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

XS
SM
MD
LG