Сенаттын 56 мүчөсүнүн колдоосу менен Тиллерсон АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына бекитилди. Ага каршы 43 сенатор добуш берди.
Тиллерсон Мамлекеттик департаменттин 69-башчысы болуп калды. Ал буга чейин ExxonMobil мунай-газ корпорациясынын жетекчиси болуп иштеген. А бир нече жылдар бою АКШдан мунай экспорттоого тыюуну алып салууга жетишкен. Орусияга санкция киргизилгенге чейин анын корпорациясы менен орусиялык “Роснефть” компаниясынын орток долбоорлору болгон. Санкция Тиллерсондун ишканасына чоң жоготууларды алып келген.
Өткөн жылдын 13-декабрында Тиллерсонду Трамп америкалык дипломатиянын жетекчилигине талапкер катары көрсөткөн. Сенатта сүйлөгөн сөзүндө Тиллерсон Орусияга санкцияларды колдорун айтып, “Магнитский мыйзамын” да жактаган.