Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Душанбе-Ташкент аба каттамы жанданууда


1-февралдан тарта Тажикстандагы «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Ташкент багыты боюнча аткарыла турган аба каттамына билеттерди сата баштады. Билет баасы 1164 сомони (150 доллар). Эгер Ташкент аэропорту арзандатууларга макул болсо, аталган багыт боюнча тарифтерди төмөндөшү ыктымал.

Компаниядан кабарлашкандай, "Сомон Эйр" кыш аяктаганга чейин аптасына бир жолу, андан кийин жума сайын эки иреттен каттап турат. Жаңы каттамдын ачылышы Тажикстан менен Өзбекстан элинин өз ара байланышын жеңилдетет. Ал эми авиакомпаниялар транзиттик каттамдардын аркылуу учуу багыттарын кеңейтет деп күтүлүүдө.

Авиакомпания алгачкы аба каттамын 20-февралда баштай тургандыгы кабарланууда. Эки шаар ортосундагы учуунун узактыгы 45 мүнөттү түзөт.

Ал ортодо «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы тажик кесиптештеринин учууларды баштоо планы тууралуу маалымат каражаттарынан укканы менен теңтайлаштык негизде аба каттамдарын аткаруу боюнча аракеттер көрүлө электигин билдирди.

Эки өлкө ортосундагы макулдашууга ылайык, Тажикстандан Өзбекстанга каттамдарды «Сомон Эйр», Ташкенттен Душанбеге «Өзбекстан аба жолдору» аткарат.

XS
SM
MD
LG