Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:03

Рекс Тиллерсон АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына бекитилди


АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Рекс Тиллерсон АКШ Сенатынын колдоосун таап, мамлекеттик катчы кызматына бекитилди. Анын талапкерлигин 56 сенатор колдоп, 43ү каршы добуш беришти.

Буга чейин ал ExxonMobil мунайгаз корпорациясын жетектеген Тиллерсон Мамлекеттик департаменттин 69-башчысы болуп калды. Ондогон жылдардан бери Кошмо Штаттардан мунай экспорттоого салынган тыюунун алынышын жана суюлтулган газды экспорттоо боюнча долбоорлорду колдоп келген.

2016-жылы 13-декабрда Тиллерсон Дональд Трамп тарабынан америкалык дипломатиянын башчысы кызматына көрсөтүлгөн. Орусияга каршы санкциялар киргизилгенге чейин анын Exxon Mobil компаниясы «Роснефть» орус корпорациясы менен бир канча биргелешкен долбоорлорго ээ болгон жана чектөө чараларынан кийин кыйла көп чыгашага учураган.

XS
SM
MD
LG