Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Казакстанда “Сыр ачуу” театр фестивалы башталды


Фестиваль катышуучулары.
Фестиваль катышуучулары.

Казакстандын Алматы шаарында 1-февралда “Сыр ачуу” аттуу театралдык фестиваль башталды. Бул маданий иш-чара 13-февралга чейин уланат.

Алгачкы төрт күндө Алматыдагы театрлардын оюндары көрсөтүлөт. Андан кийин Москва, Санкт-Петербург, Рига, Еревандын өнөрпоздору спектаклдерин коюшат.

Чет өлкөлүк үч спектакль документалдуу театр багытына кирет. Фестивалдын алкагында Орусия, Финляндия, Германия, Польша, Улуу Британиядан келген чеберлер жаштарга сабак да өтүп, кеп-кеңеш беришет.

"Сыр ачуу” - заманбап театрды өнүктүрүү менен алектенген, көз карандысыз долбоорлорду кубаттаган эл аралык аткаруучулардын өнөр фестивалы. Ал демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өтүүдө.

XS
SM
MD
LG