Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:55

Журналистке козголгон кылмыш иши боюнча сот чечими күтүлүүдө


Дайыр Орунбеков.
Дайыр Орунбеков.

Журналист Дайырбек Орунбековдун ишин Октябрь райондук соту карап жатат. Бүгүн акыркы отурум болот.

ИИМ Дайырбек Орунбековго президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сурабай, мамлекет башчы тууралуу жазган макаласынан баш тартпай, 2 млн сом доо арызды төлөбөй жатат деген негиз менен кылмыш ишин ачкан.

Журналистке коюлуп жаткан 338-берене боюнча айыпталган адам 2 жыл эркинен ажыратылат.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда Мaalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган соң Башкы прокуратура анда жазылгандар “президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген” деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистти 2 миллион сомго төлөмөр кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG