Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:42

Интернетте тараган мушташ тууралуу видеонун чоо-жайы иликтенүүдө


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын ырасташынча, чуулгандуу мушташка милиция кызматкерлери аралашканбы, жокпу териштирүү иштери бүгүн башталды. Жергиликтүү тургун 29-январда бир тууган инисин мас абалындагы эки тартип сакчысы жөн жерден эле сабап салганын, ал оор жараат менен ооруканага жеткирилгенин жана операция болгонун айтып милицияга арыз жазган.

Бишкектеги “Оливье” кафесинен чыккан эки адам аялдамада турган баланы себепсиз сабап жатканы тартылган видео 1-февралда интернетке тараган. Аны жарыялаган адам жабырлануучу иниси экенин, сабагандар болсо Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын Азамат жана Нурлан аттуу кызматкерлери экенин жазган. Алардын бири мас абалда, экинчиси соо экенин билдирген. Маалыматка караганда, токмоктолгон адам улам эсин жоготууда. Эми экинчи жолу операция жасалары айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG