Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Бишкектеги мушташка милиция кызматкерлери аралашкан


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Бишкектеги «Оливье» кафесинин жанында болгон мушташка Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышканы аныкталып, милиционерлердин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Алар кармалып, материалдар прокуратурага өткөрүп берилди.

1-февралда “Оливье” кафесинен чыккан эки адам аялдамада турган жигитти себепсиз сабап жатканы тартылган видео интернетке тараган. Аны жарыялаган адам жабырлануучу иниси экенин, сабагандар болсо Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын Азамат жана Нурлан аттуу кызматкерлери экенин жазган. Алардын бири мас абалда, экинчиси соо экенин билдирген.

Маалыматка караганда, токмоктолгон адам азыр ооруканада, улам эсин жоготууда. Эми экинчи жолу операция жасалары айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG