Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Парламентте ЕАЭБге киргенден кийинки абал талкууланды


Cооронбай Жээнбеков
Cооронбай Жээнбеков

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин өлкө жетишкен ийгилик жана кемчиликтер тууралуу бүгүн парламентте баяндама жасап жатат.

Премьер-министр уюмга мүчө болуу менен Орусиядагы мигранттарга жеңилдик болгону жакшы көрүнүш экенин айтты. Ошол эле учурда фитосанитардык көзөмөлдөн улам экспорт маселесинде кыйынчылыктар жаралганын белгиледи. Бул маселени чечүү үчүн Чүйдө, Таласта лабораториялар курулуп жатканын кошумчалады. Жылдын аягына чейин маселе жоюларын, өкмөт аны кантип чечүүнү билерин айтты.

Бишкек Орусияга ыктаган интеграцияга мүчө болгондон соң өлкөдө ички-тышкы соода азайып кеткенин адистер белгилешкен. Жагдайды айрым депутаттар да сындап, өкмөттүн маалымат берүүсүн талап кылышкан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алакасы 16,7% төмөндөгөн. Биримдик өлкөлөрүнө жасалган экспорт мурунку жылга караганда 8,1% азайган.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы августта толук кандуу мүчө болуп кирген. Уюмга Казакстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. Бирок Бишкек эт-сүт, жашылча-жемиштерди экспорт кылууда кыйынчылыкка тушугуп, товарлар артка кайтарылган учурлар көбөйдү. (SE)

XS
SM
MD
LG