Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо, ашууларда жана капчыгайларда кар көчкү коркунучу бар. Жолго кар күрткүсү топтолот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.
3-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Күндүн табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз +1...+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7,
Тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4 градус жылуу болот.