Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

Порошенко: НАТОго кошулуу боюнча референдум өткөрөм


Петр Порошенко.
Петр Порошенко.

Президент Петр Порошенко Германия маалымат каражаттарына 2-февралда жарыяланган интервьюсунда, сурамжылоолор украиналыктардын 54% НАТОго кошулууну жактаарын аныктаганын белгилеген.

“Төрт жыл мурун Украина калкынын 16% гана НАТОго кошулууну жактаган. Азыр алардын саны 54% түзөт. Президент катары адамдардын талабын жетекчиликке алып, НАТОго мүчө болуу максатында референдум өткөрөм” деген ал. Президент Порошенко Украинанын НАТОго мүчө болуусу үчүн баарын жасаймын деген. Президенттин айтымында, 2020-жылга Украина армиясы толугу менен НАТОнун стандарттарына өтөт. НАТО менен Украина 1990-жылдан бери кызматташып келатат. Бул багыттагы ар кандай жакындашуулар Орусия менен чыңалууну жараткан.

Петр Порошенко бюджет тартыштыгын кыскартуу жана коррупцияга каршы күрөш аркылуу Европа Биримдигине мүчө болуу багытында аракет жасарын да кошумчалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG