Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:53

Талас шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйыны өтпөй калды


Саат 15:00го белгиленген чогулушка КСДП жана "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары гана келип, калган үч фракция өкүлдөрү келген жок. Буга чейин да кворум жоктугунан эки жолу жыйын өтпөй калган. Мунун айынан коалиция түзүлбөй, төрага шайланбай турат.

Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда, бүгүнкү жыйында коалиция "Республика-Ата Журт", КСДП, "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" фракцияларынан куралмак. "Айкөл" фракциясы оппозицияда калаары кабарланууда.

11-декабрда өткөн шайлоодо беш партия жеңишке жеткен. 31 депутатка 11-январда мандат берилген. (AlS)

XS
SM
MD
LG