Германия канцлери Ангела Меркель 2-февралда Анкарада Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүү өткөрдү. Эки өлкө лидерлери Европа Биримдиги менен Түркиянын мигранттар боюнча келишими тууралуу сүйлөшөрү белгиленген.
Эки лидер ошондой эле Германияда башпаанек алган түрк аскерлерин өткөрүп берүү маселесин талкуулайт деп күтүлүүдө. Ал аскерлер Түркиядагы өткөн жылкы төңкөрүшкө аралашкан деп айыпталууда.
Германия жана Европа Биримдиги ал төңкөрүш аракетинен Түркия кабыл алган катаал чараларга, түрк президентинин бийлигинин күчөшүнө алып келе турган конституциялык реформага тынчсыздануусун билдирип келет. Президент Эрдоган менен жолугушуудан кийин Меркель оппозиция менен жолугушат. (AiT)