Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШ өкмөтүнүн Ирандын баллистикалык ракета сыноосуна карата эскертүүсүн чагым катары четке какты. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Бахрам Гасеми 2-февралдагы сөзүндө, АКШнын Ирандын ракеталык сыноосуна карата сындарын “негизсиз, кайталанма жана чагымчыл” деп атады. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн “Обаманын администрациясы Тегерандын терс иштерине өзүнө жараша реакция жасоого жараган эмес. Иранга маалымдама бере алган эмес” деди. Бирок Иранга берилген эскертүүдө кандай чаралар жөнүндө сөз болгонун Флинн айткан эмес.

Президент Дональд Трамп 2-февралда Твиттерге Иран лидерлери “АКШ менен эң жаман келишимге ыраазы болуш керек” деп жазды. Трамп анда 2015-жылы Иран жана ири алты мамлекет Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимди эске алган. Трамп Иранга эскертүү берилгенин белгилеген. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG