Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

Бишкекте автокырсыктан үч киши набыт болду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Алардын экөө жаш жигиттер, бирөө кыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, 2-февраль күнү саат 20:45 чамасында Бишкектин Манас проспектисинде бараткан "Субару" автоунаасы жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Куткаруучулар жанчылган унаадан сөөктөрдү алып чыгып, милицияга өткөрүп беришкен.

Айрым маалыматтар боюнча, унаа саатына 200 чакырымдан ашуун ылдамдык менен келе жаткан. Рулда кыз отурганы кабарланууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG