Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Журналист Азият Жекшеевге кол салынды


Азият Жекшеев
Азият Жекшеев

2-февраль күнү Бишкектеги кафелердин биринде бирөөлөр анын камерасын сындырып салышкан. Журналист жабыркаган эмес. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирди:

- Саат 3:30 чамасында шаардагы кафелердин биринде камера менен иштеп жатсам, аялча кийинген бир нече киши камераны колумдан жулуп алып, талкалап салышты. Жанымда кафенин кароолчулары бар эле, мага көп тийише алышкан жок.

Азият Жекшеев болгон окуя тууралуу Октябрь райондук милициясына кайрылып, арыз жазган.

Азият Жекшеев НТС телеканалынын кабарчысы. Ал иштеген “ТВ Кайгуул” программасы чукул кырдаалдар жана кылмыш окуялары тууралуу көрсөткөн долбоор. Журналисттер күнү-түнү ИИМ, ӨКМ жана "Тез жардам" кызматы менен чогуу рейдге чыгышат.

Милиция бул окуяны иликтеп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG