Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Тажикстанда имамдарга ишеним дээрлик беш эсеге төмөндөдү


Бул тууралуу Кыргызстандын Ислам таануу борборунун орун басары Рустам Азизи коомдук сурамжылоолордун жыйынтыгына таянуу менен билдирди.

- Сурамжылоо төрт жылдан бери жүргүзүлүп келет. Алгачкы анкеталар элге 2012-жылы таркатылган, -деди Рустам Азизи.

2012-жылы сурамжылоого катышкандардын жарымы аларга ишенсе, былтыр бул көрсөткүч 9,7% чейин азайган.

Рустам Азизи мурда имамдар дин боюнча маалымат берген негизги булак болуп эсептелсе, азыр жарандар бардык кызыккан суроолорун интернеттен эле таап алып жатканын баса белгиледи.

Ошол эле маалда Ислам таануу борбору Тажикстанда диний билим мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен эң эле жогорку деңгээлде экенин, бирок жалгыз илим менен экстремизмди жоюу мүмкүн эместигин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG