Анкара Афинаны “чагымчы” деп айыптоодо. Грекия түрк учактары массалык түрдө аба мейкиндигин бузуп киргенин билдирди. Ортодогу мындай мамиле өткөн жумада грек соту сегиз түрк аскерин экстрадициялоодон баш тарткан соң курчуган. Аскерлер ишке ашпай калган төңкөрүшкө айыпталган.
1-февралда Грекия түрк учактары Эгей деңизи тараптагы аба мейкиндигин бир нече жолу бузуп өтүшкөнүн билдирген. Грек коргоо министри Панос Камменос “биз тынчтыкты каалайбыз, кагылышуунун кереги жок, ошондуктан, мейкиндикти бузуп кирген учактарга чара көрүлөт” деп билдирди.
Хурриет басылмасы Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун “Грекия көптөн бери чагымчылык кылып жатат. Биз коңшулар менен мамилени сактоо үчүн ага көңүл бурбай келе жатабыз” деген сөзүн басты.
1996-жылы эки өлкөнүн мамилеси Эгей деңизиндеги эки арал үчүн согуштук кырдаалга чейин жеткен. Ушул жумада болсо экөө тең аралдардагы күчүн көрсөтүүгө аракет кылышыты, алгач талаш аймактын үстүнөн грек коргоо министри Камменос учуп өттү. Көп өтпөй түрк аскер командачысы Хулуси Акар аймакты кыдырды.