Маданият, маалымат жана туризм министринин орунбасары Фархат Бекмамбетов сөгүш алды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун, ал мойнундагы милдетти так аткара албаганы үчүн жазаланганын бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Бекмамбетов “Азаттыкка” билдиргендей, Бишкектеги Мамлекеттик цирктин атын өзгөртүү ишине байланыштуу сөгүш алган:
-Кыргыз мамлекеттик циркине Абубакир Изибаевдин атын берүү боюнча 2015-жылы токтом чыккан экен. Бирок юридикалык иштерге байланыштуу дагы эле ишке аша элек. Кандайдыр бир себептер менен эки-үч жолу катталбай, артка кайтарылган. Азыр деле документ Юстиция министрлигинде.
Фархат Бекмамбетов министрдин орунбасары болуп 2016-жылдын февралында дайындалган. (SE)