Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары пикетке чыгышты


Пикетке чыккандар.
Пикетке чыккандар.

Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан жумушчулар айлык берилбей жатканына нааразы болуп, бүгүн пикетке чыгышты. Чолпон-Атадагы “Лонг-Хай” компаниясынын имаратынан алдына элүүдөн ашуун адам топтолуп, маселени чечип берүүнү талап кылууда. Алар менен ишкана жетекчилиги жолугуп, маселенин чоо-жайын түшүндүрөрү кабарланды.

Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын жумушчулары үч айдан бери маяна берилбей, айрымдары ишти таштап кетүүгө аргасыз болгонун январда айтып чыгышкан. Ижарачылар 5-6 айдан бери акча төлөнбөй жатканын билдирүүдө.

2015-жылы Балыкчы-Корумду жолунун узундугу 104 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард сом каражат сарпталары айтылган.

Транспорт жана жолдор министрлиги орточо балансты эсептешип алуу үчүн каржылоо убактылуу токтоп турганын билдирген. Курулушту кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жүргүзөт. (AsM)

XS
SM
MD
LG