Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Жалал-Абадда сегиз айыл өкмөт башчы кайра шайланат


Жалал-Абад облусунун аймагында сегиз айыл өкмөттүн башчысы кайра шайланат. Буга талапкерлердин жетиштүү добуш албагандыгы жана айылдык кеңеш депутаттарынын шайлоого келбей койгондугу себеп болууда.

Шайлоо эмки жумада уюштуруларын өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов “Азаттыкка” билдирди.

Кайра шайлоо өтчү айыл өкмөттөр: Базар-Коргон, Торкент, Курманбек, Жаңы-Жол, Жерге-Тал, Кара-Суу, Кетмен-Төбө жана Арал. Ошондой эле Таш-Көмүр шаар башчысы кайра шайланат.

Жалал-Абад облусунда 60 айыл өкмөт бар, анын 52синде башчы шайланды. (RsK)

XS
SM
MD
LG