Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Өкмөт Текебаевдин ЕЭК дайындоолору тууралуу айткан сөзүн четке какты


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин Евразия экономикалык комиссиядагы түрдүү кызматтарга дайындалган Кыргызстан жарандарына байланыштуу айткандарын өкмөт четке какты. Эл өкүлүнүн ырасташы чындыкка дал келбестиги тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган комиссияда иштеп жаткан адистердин кесипкөйлүгү шек туудурарын, бийлик башындагылардын тааныш-билиштери деген өңүттө сындаган эле. Мындай пикирин бейшембидеги жалпы жыйында айтып, Данияр Турусбеков, Илья Черный сыяктуу адистерди атаган.

Өкмөт тараткан билдирүүдө комиссияда иштеп жаткандардын баары талаптарга ылайыктуу экени белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG