Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Оппозиция мүчөлөрүн 22 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды


Абактагы оппозиционерлерди бошотуу талабы. Ноябрь, 2016-жыл.
Абактагы оппозиционерлерди бошотуу талабы. Ноябрь, 2016-жыл.

Мамлекеттик айыптоо темир тор артындагы оппозиция мүчөлөрүн 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы отурум жабык өттү. Саясий туткундардын укугун коргоо комитетитин мүчөсү Зулфия Марат “Азаттыкка” билдиргендей, прокурор Дастан Сарыгуловго 12 жыл, Бектур Асановго 15, Кубанычбек Кадыровго 16 жыл сурады. Эрнест Карыбековдун мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратуу сунушталды.

Кийинки отурум 9-февралда өтөт. Ишти сот Абдыразак Боромбаев кароодо.

“Элдик парламент” деп аталган оппозициялык кыймылдын жогоруда аты аталган мүчөлөрүн бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен 2016-жылдын май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кармаган. Дастан Сарыгулов саламаттыгына байланыштуу кийин үй камагына чыгарылган.

Оппозиция тарапкерлери жана камалгандар өздөрү бийликтин кысымына кабылып жатышканын айтып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG