Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:40

Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары ишин улантышты


Пикетке чыккандар
Пикетке чыккандар

Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан жумушчулар айлык маселесин дүйшөмбүгө чейин чечүүнү өкмөттөн талап кылып, Чолпон-Атадагы пикеттен тарап кетишти. Маселе каралбаса, дүйшөмбүдө Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүшөрүн эскертишти.

Бүгүн элүүдөн ашуун жумушчу үч айдан бери маяна берилбей жатканына нааразы болуп, Чолпон-Атадагы “Лонг-Хай” компаниясынын имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар менен ишкана өкүлдөрү жолугуп, маселени чечүүгө убада берди. Бирок өкмөттөн эч ким барган жок.

Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын жумушчулары үч айдан бери маяна берилбей, айрымдары ишти таштап кетүүгө аргасыз болгонун январда айтып чыгышкан. Ижарачылар 5-6 айдан бери акча төлөнбөй жатканын билдирүүдө.

2015-жылы Балыкчы-Корумду жолунун узундугу 104 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард сом каражат сарпталары айтылган.

Транспорт жана жолдор министрлиги орточо балансты эсептешип алуу үчүн каржылоо убактылуу токтоп турганын билдирген. Курулушту кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жүргүзөт. (AsM)

XS
SM
MD
LG