Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

ЕБ лидерлери Мальтада миграция маселелерин талкуулоодо


Качкындарды куткаруу.
Качкындарды куткаруу.

Европа биримдигинин лидерлери жума күнү Мальтада саммитке чогулууда. Жыйында Жер ортолук деңиз аркылуу Европага агылган мигранттар маселеси талкууланмакчы. Валеттага 28 мамлекеттин жетекчилери келишкен. Алар Ливия бийликтерине качкындар менен мигранттар үчүн лагерлерди курууда жардам берүү чараларын талкуулашат.

2-февралда Римде Италиянын премьер-министри Паоло Жентильони жана Ливиянын өкмөт башчысы Файез ал-Сарраж мигранттар боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан. 2016-жылы Европага Ливия аркылуу келген 180 миң кишинин көбү мыйзамсыз эмгек мигранттары болчу. Ал эми Сириядан Грекияга агылгандар негизинен качкындар, деп билдирди Евробиримдиктин өкүлү.

Бул жолку саммит ошондой эле Британиянын блоктон чыгышы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чакта шаркеттин биримдигин көргөзүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG