Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Баткенде жер титирөөдөн имараттарга жарака кетти


Баткен облусунун аймагында бүгүн күчү 5 баллга жеткен жер титирөөдөн улам мектептердин, аскердик бөлүк жана бала бакчанын имараттарына майда жарака кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Баткен шаарындагы эки мектеп, Чек айылындагы бир бала бакча, чек ара кызматынын Чарбак тозоту кырсыктан зыян тартты.

Саат 10:36да болгон силкинүү Ош облусунда да сезилди. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин улантууда.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жер кыймылдаган кезде эл дүрбөлөңгө түшүп, имараттардан сыртка качып чыгышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG