Кеңештердеги аял депутаттардын ортосундагы мамилени жакшыртуу максатында Ош шаарында форум өтүп жатат.
Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутат айымдары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутат айымдары катышууда.
Парламенттеги депутат айымдар форумунун төрайымы Элвира Сурабалдиева эки күндүк жыйындын алкагында аялдардын социалдык көйгөйлөрүнөн тарта саясий ишмердикке чейин маселелер караларын билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 11-декабрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 12 шаарында жана 151 айыл өкмөтүндө жалпы бөлүнгөн 3125 мандаттын 243үнө гана кыз-келиндердин өкүлдөрү шайланган. Башка облустарда да абал дурус эместигин серепчилер айтып чыгышкан.
Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын да ичинен аялдар саны жыйырмага жетпейт. (SE)