Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Активист Темирлан Ормуковго кылмыш иши козголду


Акын Темирлан Ормуковго карата “ушактоо” беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовду бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап милицияга арыз жазган.

Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Ормуков жазган факттар жалган экени аныкталган. Мунун негизинде Ормуковго карата Кылмыш кодексинин “ушактоо” беренеси боюнча иш козголду.

Темирлан Ормуков козголгон кылмыш иши боюнча кабарсыз экенин “Азаттыкка” билдирди. Бирок бийликтин дарегине айткан ачуу сындарынан улам басым көрсөтүү максатында кылмыш иш козголуп жатышы мүмкүн деген пикирин айтты.

Буга чейин Башкы прокуратура Бишкектин тургуну Темирлан Ормуковдун президентти сындап социалдык тармакка жазган ырында “аймак аралык козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган эле.

Депутат Дастан Бекешов Ормуковдун социалдык тармакка жарыялаган “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ырында президенттин беделине шек келтирген сөздөр баа деген жүйө менен Башкы прокуратурага кайрылган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG