Бишкекте “Ак шумкар” партиясынын конференциясы өтүүдө. Ага партиянын аймактардагы мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер катышууда. Конференцияда партия төрагасы, мурдагы премьер-министр Темир Сариев сөз сүйлөп, күзүндө өтчү президенттик шайлоодо “Ак шумкардан” талапкер чыгарын билдирди.
Сариевдин айтымында, өлкөдөгү абалды өзгөртүү үчүн мыйзамдуулукту сактоо жана коррупция менен күрөштү күчөтүү зарыл болуп турат.
Ошондой эле Темир Сариев учурдагы негизги милдет экономикалык кескин секирикти жана жаңы өнөр жай ишканаларын ачуу экенин билдирди.
Темир Сариев 2015-2016-жылдары премьер-министр болгон. (SDz/BkA)