АКШ Ирандын баллистикалык рекаталарды сыноосуна жооп катары Жакынкы Чыгышта аскерлерин азырынча көбөйтпөйт. Бул тууралуу Жапониядагы сапарынын учурунда Кошмо Штаттардын коргоо министри Жеймс Маттис билдирди.
“Жакынкы Чыгыштагы аскерлердин саны көбөйтүү муктаждыгын көрбөй турам. Бизде мындай мүмкүнчүлүк бар. Бирок азыр аны кылууга муктаждык жок”- деди Маттис.
Маттис мындай билдирүүнү АКШ Ирандын жаңы ракеталык сыноолорго каршы санкцияларды жарыялагандын эртеси жасады. Анда АКШнын Финансы министрлиги Иран менен байланышы бар 13 кишиге жана 12 компанияга каршы санкция киргизген.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран ракеталык сыноолорду токтотпосо конкреттүү чараларга барарын эскерткен.