Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Темир Сариев президенттик кызмат үчүн ат салышат


Мурдагы премьер-министр Темир Сариев быйыл күзүндө болчу президенттик шайлоого катышат. Мындай резолюция “Ак шумкар” партиясынын конференциясында кабыл алды.

Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Сариев өлкөнү өнүктүрүү программасы бар экенин билдирди. Анын айтымында, программасы мыйзамдуулукту сактоого жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.

Сариевдин айтымында, Кыргызстандын жарандары мураскер тандоо жолу менен шайлоо өткөрүүгө жол бербейт. Ошондой эле Темир Сариев алдыдагы шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Конференция жыйынтыгында “Ак шумкар” партиясынын сунушу менен күзүндө өтчү шайлоого Темир Сариевдин талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынды.

54 жаштагы Темир Сариев буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соң оппозициянын лидерлеринин бир катары Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2011-жылы Экономика министрлигин жетектеген.

Ал эми 2015-жылы премьер-министрликке дайындалып, былтыр Балыкчы-Корумду жолу боюнча чырга байланыштуу өз каалоосу менен отставкага кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG