Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

АКШ: Сиэтл сотунун чечими боюнча доо арыз берилет


АКШнын Юстиция министрлиги президент Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгынын күчүн токтоткон Сиэтл сотунун чечимине каршы доо арыз берет. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат кызматы кабарлады.

Жума күнү Сиэтлдин Федералдык соту АКШ президенти Дональд Трамптын жети өлкөнүн жарандарына жана сириялык качкындардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө убактылуу тыюу салган жарлыгын токтотуу чечимин кабыл алган.

Мындан соң Чек ара кызматы авиакомпанияларга АКШнын өкмөтү жакын арада Трамптын “кара тизмесине” кирген өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жандантарын кабарлаган. Бирок эми Юстиция министрлигинин билдирүүсү виза берүү боюнча түшүнүксүз жагдайды жаратышы мүмкүн.

АКШнын президент Дональд Трамп Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен сыяктуу жети өлкөнүн жарандарына виза берүүнү 90 күнгө токтотууну караган жарлыкка 27-январда кол койгон. Ошондой эле АКШ бийликтери сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтоткон эле.

XS
SM
MD
LG