Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Трамп менен Порошенко телефон аркылуу сүйлөштү


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Петро Порошенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үй билдиргендей, 4-февраль күнү кечинде өткөн сүйлөшүүдө президент Трамп Кошмо Штаттар Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу үчүн аракет көрөрүн убада кылган.

“Биз Украина, Орусия жана башка тараптар менен аймакка тынчтык орнотуу боюнча иштейбиз”-деп айтылат сүйлөшүү аяктаган соң Ак үй тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле тараптар Ливиядагы абалды, Европадагы качкындар кризисин жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы күрөштү талкуулаганы кабарланды. Буга кошумча Трамп май айында Италияда өтчү “Чоң жетиликтин” жыйынына катышарын билдирген.

Ал эми украин президенти Петро Порошенко кеңсеси эки өлкө башчылары Донбасстагы ок атууну толугу менен токтотуу зарылдыгын белгилегенин жарыялады. Анда Порошенко Трампка “Украинанын аймактык бүтүндүгү жана көз карандысыздыгын чечкиндүү колдоосуна ыраазылык билдиргени” айтылат.

Эки президенттин сүйлөшүүсү Укриананын чыгышындагы абал курчуп жаткан учурга туш келди.

Соңку аптада өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин кармашы курчуп, кеминде 35 киши мерт болду.

Орусия менен Украина бул кармашка шыкак берди деп бири-бирин айыптап жатат. Президент Владимир Путин Киев АКШ администрациясынын көңүлүн буруу үчүн өлкө чыгышындагы кырдаалды курчутуп жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG