Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактардагы кар көчкүлөрдү атып түшүрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишембиде Бишкек-Ош жолунда коркунуч туудурган 21 000 куб метрден ашык көчкү атып түшүрүлдү.
Акыркы күндөрү өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогорулаган. 3-4-февралда тоолуу жолдордо 17 жолу кар көчкү түшүп, бир адам каза болгон эле. (BkA)