Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Румыния өкмөтү талаштуу токтомду жокко чыгарат


Талаштуу токтом элдин нааразылыгын жараткан.
Талаштуу токтом элдин нааразылыгын жараткан.

Румыниянын премьер-министри Сорин Гриндяну антикоррупциялык чараларды жумшартуу боюнча токтомду артка чакырып алмай болду. Бул токтом өлкөдө нааразылык жаратып, жарандар массалык демонстрацияга чыгышкан. Алар Социал-демократиялык партия башкарган өкмөттүн коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүнө нааразылык билдиришкен.

Өкмөттүн токтомунда бийлик өкүлдөрүнүн айрым туура эмес иштери, пара алууга байланышкан кээ бир жагдайлар кылмыш катары саналбай калмак.

3-февралда Румыниянын адам укугу боюнча өкүлү Виктор Чорбя бул токтомдун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

Өкмөттүн бул чечимин өлкөнүн президенти жана башкы прокурору да сындап чыккан. Ошондой эле Румынияга коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери да бул токтом боюнча чочулоосун айтышкан.

Бирок премьер-министр массалык нааразылыкка карабай бул токтомду жокко чыгарбай турганын билдирип келген. Токтом кийинки аптада күчүнө кирмек.

XS
SM
MD
LG