Балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин элесине карата Бишкекте эскерүү кечеси өттү. Кыргыз улуттук Опера жана балет театрында өткөн кече Базарбаевдин 4-февралдагы туулган күнүнө карата уюштурулган. Кечеде дүйнөлүк жана кыргызстандык композиторлордун чыгармалары аткарылып, балеттен үзүндүлөр көрсөтүлдү.
СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдынкы балет бийчиси болгон. 1993-1996-жылдар аралыгында Кыргызстандын маданият министри болуп эмгектенген артист 2002-жылы дүйнөдөн кайткан. Маркумдун көзү тирүү болгондо быйыл 68 жашка чыкмак. (BkA)