Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:16

Пакистандын түндүгүндөгү Читрал аймагында кар көчкү беш үйдү басып калып, андан кеминде 13 адам каза болду. Өлкөнүн расмий органдары кабарлагандай, 12 адам куткарылды. Жолдор жабылып калгандыктан жабыркаган адамдарды ооруканага жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Кар көчкү түшкөн аймакта башка курмандыктар да болушу мүмкүн экени айтылууда. Учурда куткаруу иштери уланып жатат.

Читрал аймагы тоолуу болгондуктан кар көчкү көп жүрөт.

XS
SM
MD
LG