Францияда ашынган оңчул “Улуттук фронт” партиясынын лидери Марин Ле Пен президенттик шайлоо өнөктүгүн баштады. Ал шайлоо программасында өлкөнү Евроаймактан жана НАТОдон чыгаруу, чет өлкөлүк жумушчуларды иштетүүгө салыкты көтөрүү, пенсиялык куракты төмөндөтүү сыяктуу убадаларды берүүдө.
Ле Пен шайлоодо жеңишке жетишсе Францияны Евробиримдиктен чыгаруу боюнча референдум өткөрүүнү убада кылды.
Ашынган оңчулдардын лидери өзүн патриот саясатчы катары сыпаттап жатат.
Бүгүн Марин Ле Пен президенттикке талапкер катары жактоочуларынын алдында сөз сүйлөйт.
Акыркы сурамжылоолорго караганда, Ле Пен апрелде өтчү шайлоодо экинчи турга чыгышы мүмкүн. Ал 2012-жылдагы президенттик шайлоодо элдин 18 пайызынын добушун алып, үчүнчү орунга татыган.