Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:42

Иран АКШ спортчуларына виза берет


Иран америкалык спортчуларга Тегеранда 16-17-февралда өтчү эркин күрөш боюнча мелдешке катышуу үчүн виза берет. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик ИРНА агенттиги жазып чыкты.

Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Бахрам Гасеми америкалык спортчуларга виза берүүнү АКШ сотторунун Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгын жокко чыгаруу чечимин колдоо катары саноого болорун айтып чыкты.

АКШнын президент Дональд Трамп жети мусулман өлкөсүнүн жарандарына виза берүүнү 90 күнгө токтотууну караган жарлыкка кол койгон. Бул өлкөлөрдүн арасында Иран да бар.

Бирок Сиэтлдин Федералдык соту АКШ президенти Дональд Трамптын жети өлкөнүн жарандарына жана сириялык качкындардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө убактылуу тыюу салган жарлыгын токтотуу чечимин кабыл алган.

Эми АКШ бийликтери Сиэтл сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча жогорку баскычтагы сотторго кайрылды.

XS
SM
MD
LG