АКШнын Апелляциялык соту президент Дональд Трамптын администрациясынын иммиграциялык жарлыктын күчүн тез арада калыбына келтирүү боюнча суроо-талабын четке какты.
Сот Кошмо Штаттардын Юстиция министрлигине дүйшөмбү күнү кечке чейин бул чечим боюнча пикирин билдирүүгө мөөнөт берди.
Жума күнү Сиэтлдин Федералдык соту АКШ президенти Дональд Трамптын жети өлкөнүн жарандарына жана сириялык качкындардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө убактылуу тыюу салган жарлыгын токтотуу чечимин кабыл алган.
Президент Дональд Трамп жарлыкты токтотуу чечимин кабыл алган Сиэтл сотунун судьясы Жеймс Робартты сынга алган.
Трамптын жарлыгына ылайык, Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарына виза берүү 90 күнгө токтотулган.
Ошондой эле АКШ бийликтери сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтоткон эле.
Бул жарлыкка байланыштуу АКШ жана башка бир нече өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.