Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:12

АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Петр Порошенко менен сүйлөшүүдө Украина чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу багытында иш жүргүзөрүн билдирген. Бул тууралуу Вашингтон 4-февралда тараткан билдирүүдө айтылат.

Эки лидер ошондой эле жакынкы аралыкта жолугушууну макулдашкан. Эки лидердин сүйлөшүүсүндө региондо ок атууну толук токтотууга басым жасалганы кабарланды.

Порошенко Украинанын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн АКШ президентине ыраазычылык билдирген.

Эки президенттин сүйлөшүүсү Украина чыгышында кырдаал курчуган мезгилге туш келди. Бир аптадан бери уланып келаткан кагылышууларда 35 киши өлгөнү маалым болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG