Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:42

Бишкекте ракты алдын алуу боюнча акысыз текшерүү болот


Иллюстративдик сүрөт.

4-февраль - Рак менен күрөшүү күнүнө карата Бишкек шаардык Саламаттык сактоо департаменти бардык бейтапканаларда залалдуу шишикти февралдын алтысынан онуна чейин акысыз текшерет.

1-бейтапканадан тарта 19-бейтапканага чейин жана Бишкек шаардык спорттук медицина борборунда каалоочулар гинеколог, уролог жана онкологдун көзөмөлүнөн өтсө болот. Ошондой эле үй-бүлөлүк ден соолук борборлорунда да рактын алдын алуу боюнча иш чаралар өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Эргене” коомдук фондунан кабарлашты.

Кыргызстанда ракка чалдыккандардын саны барган сайын жогорулоодо. Алардын саны азыр беш миңден көп. Ашказан, жатын моюнчасы жана эмчек рагына чалдыккандар арбып бара жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG