Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, митингдин саясий максаты жок. Анда эки гана маселе: электр энергиясынын жана көмүрдүн баасы тууралуу көйгөй козголот. Жергиликтүү эл аймактагы кыштын катаал болуп жатканына байланыштуу жок дегенде жылына үч айда электр энергиясынын баасын 77 тыйындан төлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү жана көмүрдүн мамлекет бекиткен баасынан жогору баада сатылбоосун талап кылышмакчы. Бул тууралуу нааразылык иш-чарасынын уюштуруучулардын бири, журналист Семетей Талас уулу “Азаттыкка” билдирди:
-Биздин талаптар электр энергиясы менен көмүр. Бийлик булардын бааларын арзандатып берсин. Саясий максатыбыз жок. Эгер бул жолу митингдин талаптары аткарылбаса, кийинкисинде талаптар өзгөрүлөт.
Кыш катаалданган мезгилде Нарын облусунда көмүр таңсыктыгы байкалып, баа кескин көтөрүлгөн. Ал эми айрым үй-бүлөлөргө бир айлык жаккан электр энергиясы үчүн 5 миң сомдон жогору эсеп келип жатканы элдин нааразылыгын туудурган.
Быйыл Нарында сууктун күчү айрым жерлерде -35...-40 градуска чейин жетти.(MiK/ZKo)