Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Москвада мигранттарды карактаган кыргызстандыктар пайда болду


Москва.
Москва.

ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин маалымдашынча, мындай кабарлар Москва шаарындагы курулуш материалдарын саткан базарларда тарап жатат. Андагы мекендештерге кыргызстандык чымыр денелүү жаш адамдар келип,“айына акча чогултуп бересиңер, биз силерди колдоого алабыз, эгер буга макул болбосоңор, ишиңер чатак болот” деп эскертип кетишкен. ИИМ өкүлү мындай карактоого тушуккан адамдар болсо түз кайрылууга чакырды.

Өткөн жумаларда Москвада өздөрүн “караларданбыз” деп тааныштырган кыргызстандыктар Борбор Азиядан барган мигранттардын акчасын алып, тоноп жүрүшкөнү тууралуу маалымат чыккан.

Ушул тапта ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада соода кылган, иштеген мекендештер менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн жылы сентябрда Москвада кыргызстандык жарандан акча опузалаган деп кримтөбөл Көлбаевдин кылмыштуу тобунун төрт мүчөсү камакка алынган. Андан мурунураак, 2015-жылдын аягында Москвадагы кафелердин бириндеги массалык мушташтан соң кримдүйнөсүндө “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү Улан Токтосуновдун кылмыштуу тобунун бир мүчөсү кармалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG