Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Жалал-Абад: Жаңы коалицияга КСДП да кирди

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары

Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Анын курамына КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика Ата-Журт" фракциялары кирди.

Шаардык мэриядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, эми алар сессияга чогулуп, кеңештин төрагасын шайлап, ишин башташы керек.

Былтыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Жалал-Абад шаардык кеңешине Социал-демократтар, “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” партиялары өткөн.

“Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” партиялары 12-январда "Биримдик" коалициясын түзгөнүн жарыялап, алгачкы сессиясын чакырышкан.

Бирок 27-январда курамынан “Республика - Ата Журт” чыгып кеткендиктен коалиция ыдыраган. (RsK)

XS
SM
MD
LG